№94 кесиптик лицей 1965-жылы Кыргыз ССРинин Калкты турмуш-тиричилик жактан тейлөө министрлигинин базасында №20 шаардык кесиптик-техникалык училища катары түптөлүп, калкты тейлөө боюнча адистерин: слесарь-электриктерди, саат оңдоочуларды, фотографтарды, радиомеханиктерди, тикмечи-бычмачыларды, чөлмөкчүлөрдү жана чачтарачтарды даярдап келген.