Кыргызстан кийим өндүрүү жагынан Кытайдан кийинки орунду ээлери тууралуу дүйнөлүк рынокто баса белгиленип келет. Демек сапаттуу кийим өндүрүү үчүн сапаттуу иштеген адискөйлөргө жумуш орундар дайыма талап кылынат. Биздин кесиптик лицейде аз убакыт ичинде талапка ылайык жаш адистерди окутуп, товары экспортко чыккан ири, орто тигүү өндүрүштөрү менен келишим түзүп, жаш адистерди жумуш орду менен камсыздап келебиз. Биз менен кызматташып, жаңы окууну бүткөн кесип ээлерин жумуш орду менен камсыздап келгендердин бири бул “Baziko Style” ЖЧКсы болуп эсептелинет.
“Baziko Style” ЖЧКсы 2010-жылы Базаргүл Самиеванын демилгеси менен түптөлүп, учурда 100 ашуун жумушчуларды иш менен камсыз кылып келет. “Baziko Style” фабрикасы Казакстан, Россия, Өзбекстан сыяктуу КМШ өлкөлөрүнүн соода түйүндөрүн сапаттуу кийимдер менен камсыздап келишет.