Биз жөнүндө

Бишкек шаарындагы №94 кесиптик лицейинин таржымалы

 

№94 кесиптик лицей 1965-жылы Кыргыз ССРинин Калкты турмуш-тиричилик жактан тейлөө министрлигинин базасында №20 шаардык кесиптик-техникалык училища катары түптөлүп, калкты тейлөө боюнча адистерин: слесарь-электриктерди, саат оңдоочуларды, фотографтарды, радиомеханиктерди, тикмечи-бычмачыларды, чөлмөкчүлөрдү жана чачтарачтарды даярдап келген. 1976-жылы кесиптик-техникалык билим берүү боюнча Кыргыз ССРинин шаардык комитети тарабынан №7 техникалык училища болуп өзгөртүлгөн. 2006-жылы №94 кесиптик лицей деген статусун алган. Бүгүнкү күндө окуу жай тигүүчүлөрдү, бычмачы-тикмечилерди, чачтарачтарды, слесарь-электриктерди даярдайт.

Биз жөнүндө

(Архивдик сүрөт)

Окуу жай түптөлгөндөн бери бир нече директорлор алмашып, 1965-1977-жылдары Ж.Мамбетов, 1977-1985-жылдары Т.Д.Оторова, 1985-1989-жылдары А.Д.Рыскулова, 1989-1998-жылдары А.С. Тептяев, 1998-1999-жылдары Б.Ш.Шаменов, 1999-2004-жылдары А.С.Осмонов, 2004-2008-жылдары К.А.Саякбаева, 2008-2011-жылдары З.Т.Ташыбековалар жетекчилик кылышкан. 2011-жылы лицейдин директорлугуна Кубаталиев Турдубек Шералиевич дайындалып, бүгүнкү күндө ийгиликтүү жетектеп келет.

Лицей эмгек рыногунун талабына ылайык жеңил өнөр жай тармагына жана калкты тейлөө чөйрөсүнө жогорку квалификациялуу жумушчу кадрларды даярдайт. Окуу жай бюджеттик, контракттык жана кыска мөөнөттө окутууга негизделген. Бюджеттик негизде окуган алдынкы окуучулар үчүн стипендия каралган. Ал эми 18 жашка чейинки жетим балдар үчүн социалдык стипендия жана тамак-ашына акча каражаты төлөнөт.

Окуу жайда заманбап теориялык кабинеттер, демонстрациялоочу залдар, компьютердик класстар, тренажордук зал, китепкана, жатакана, заманбап жабдуулар жана шаймандар менен жабдылган чачтарачтардын, бычмачылардын, тигүүчүлөрдүн жана слесарь-электриктердин окуу өнөрканалары бар. Муктаж окуучулар бардык шарттары бар жатакана менен камсыз болушат. Жатаканада эс алуу бөлмөсү, ашкана, душ, кир жуучу бөлмө, медициналык пункт каралган.

Биз жөнүндө

(Архивдик сүрөт)

Өндүрүштө көп жылдык тажрыйбасы бар жана билим берүү талаптарына жооп берген устаттар менен окутуучулар эмгектенишет. Окуу жай сапаттуу билим берүү жана кесипке даярдоонун деңгээлин көтөрүү максатында техникалык жабдуулар жана жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыздалган. Окутуучулар окуу процессинде окутуунун заманбап ыкмаларын, мультимедиялык каражаттарды колдонуу менен сабактарды өтүшөт. Билим берүүдө негизги басым кесиптик көндүмдөрдү жана өндүрүштүк тажрыйбаны өздөштүрүүгө жасалат. Лицейде 2019-2020-окуу жылынан баштап дуалдык система менен окутуу киргизилген жана учурда дуалдык окутуу жакшы жыйынтык берип келет.

Окуудан сырткары лицей кол өнөрчүлүк, макияж, чач жасалгалоо жана спорттук машыгуулар боюнча ийримдерди алып барат.  Билим берүү сапатын жакшыртуу максатында Азия өнүгүү банкы (АБР), Көндүмдөрдү өркүндөтүү фонду, турмуш-тиричилик электр жабдууларын оңдоочу слесарь-электриктер үчүн заман талабына ылайыктуу электрониканы окутуп-үйрөтүү талабын көздөп Корей Эл аралык кызматташуу агенттиги (КОIСА) сыяктуу эл аралык мекемелер менен кызматташып келишет. Шаймандарды, окуу китептерин жана ошондой эле окуу программаларын жаңылоого «Озон» борбору көмөктөшүп турат. Лицей Герман Эл аралык кызматташуу коому жана бир катар мамлекеттик, ошондой эле жеке менчик мекемелер менен биргеликте квалификациялык бүтүрүү экзамендерин көз карандысыз баалоо системасы менен өткөрүп келишет.

Бүтүрүүчүлөрдү өндүрүштүк практикадан өткөрүү жана ишке орноштуруу максатында слесарь-электрик адистиги боюнча «Техно-мир» тейлөө борбору, «Снежный Барс», «Аалам стиль», «Холод Трейд», «Саклайт», «Акун-суу», «2 прораба», «Рембыттехника»,  «Жакшылык строй», «Mega Buy», «Coca-Cola», «Ефор ЛТД» ишканалары, тикмечи-бычмачы адистиги боюнча «Жылдыз» ательеси, «Трио Д», «Улан», «Umai Estilo», «Ак-бийкеч», «Baziko Style», «Enay stale», «Александра мода»  тигүү цехтери, «Салкын», «Cool Broˋs» тигүү фабрикалары, кеңири профилдеги чачтарач  адистиги  боюнча «Balis», «Назик», «Вива», «Чолпон» салондору, «Фея» чачтарачы,  «Престиж», «Элегант Люкс», «Кудряшка», «Шарм», «Estel»  сулуулук салондору сыяктуу шаардагы көптөгөн жеке ишканалар менен кызматташып келишет.