IT-адистиги

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө IT тармагындагы адистерге болгон суроо талап күн сайын өсүүдө. Себеби технологиянын өнүгүшү менен көпчүлүк жумуштар санариптешүүгө өтүп, технологиялар коомдо басымдуу роль ойноп келет. Мурдагы компьютердик сабаттуулугу аны колдоно билүүсү жетиштүү деген сөз өз доорун бүтүрүп ар бир адам санарипте өтө жакшы билиши зарыл дегенге өтүп жатабыз. Өзгөчө 2019-жылдагы дүйнөлүк карантинден кийин онлайн иштөөгө коом тез өтуп кетти. Ал эми компаниялар эң алгач квалификациясы жогору, бир канча программалоо тилин билген адисти жумушка алууну көздөшөт.

Программист жана IT. Айырмасы эмне?

Көпчүлүк учурда программист адиси менен IT адисин бир карап, экөөнү бир кесип деп алуудабыз. Жок, программист сөзсүз түрдө компьютерде иштебейт. Ал программа кодун кагазга да жаза алат жана бул кодду колдонуп, сынап көрүү үчүн ага компьютер керек. Ошондой эле, программистти IT адиси менен теңдештирүүнүн кажети жок. “IT адиси” — жалпы аталыш. Анын ичинде IT тармагындагы 50дөн ашык кесип ээлери бар. Ал эми программист IT деген жалпыланган тармактын бир гана бөлүгү.

IT адистеринин бир айлык маянасы миллионду чапчыйт…

Заман талабы болуп турган бул кесиптин ээлери ардактуу жана айлыктуу кызматтарды аркалап келишүүдө. Мисал катары айлыктарын айта кетсек, 500 — 65 миң АКШ долларына чейин жетет. Маянанын жогору болуусу адистигинен, квалификациясынан, эмгектенген компаниядан жана өлкөдөн түздөн-түз көз каранды. Дагы бир өзгөчөлүк, көптөгөн кесипкөйлөр улам жаңы программалоо тилин өздөштүрүүгө аракет кылышат. Канчалык көп программалоо тилин билсеңиз, айлыгыңыз ошончо жогору болот. Эгерде компанияда карьералык өсүү болсо, анда өзүн иште ийгликтүү көрсөтө алган адис, жетекчиликке чейин көтөрүлө алат. Ошондой эле көпчүлүк адистер фрилансер боло алышат. Эң аз акы төлөнүүчү жумуштар: junior — иштеп чыгуучулар. Алар бул тармакта билим алып жаткандар. Эмгек рыногунда эң көп маянаны — программалык камсыздоонун архитекторлору жана тутум инженерлери алат. Алар продукцияга же долбоорго толугу менен жооп берет. Учурда Кыргызстанда жаш муундар бул тармакка кызыгып, өз бактыларын бул тармактан сынагандар көп. Кыргызстандан барып Тesla , Google сыяктуу ири компанияларда иштеген кыргыздын уул кыздары бар. Келечекти бул тармакты окуп жаткан окуучуларыбыз да алардын катарын толуктайт деген ишенимдебиз.

IT-адистиги