Тикмечи

Тикмечи — бул кийимди нөлдөн баштап даярдоочу адис болуп эсептелинет. Тикмечи бир эле кийим жаратуу менен алектенбестен ар кандай шөкөттөрдү, бут кийимдерди жана башка аялзатынын сулуулугуна керектелүүчү буюмдарды жасоо менен алектенишет. Бул кесип байыркы кылымдарда пайда болуп, байлардын аялдарына кооздук жаратуучу уздар аталса учурда өз ордун коомдон жоготкон жок.

Тикмечи уздар кездемени тандоодон баштап, андан көз жоосун алган кийимдерди бычып, тигип даярдайт.

Тапшырык берүүчү адамдын дене өлчөмүн алып, ошого жараша лекал чыгарат.

Кийимдин моделдери, түстөрдүн айкалышы менен иштешип, жаны моделдин жаралуусуна кенешин берет.

Бирөөнүн жардамысыз бир кийимди толугу менен даярдап кардардын каалаган кийимин жалгыз жарата алган сапатка ээ. Ошондой эле ателье ачып өлкөгө өз салымын кошо алган жеке ишкер да боло алат.

Тикмечинин тигүүчүдөн айырмасы кийимдин бычылышы менен тигилиши толук анын жоопкерчилигинде болуп, кийимди каалагандай өзгөртө алат. Ошол эле учуррда бул кесипти тандап алган жаран чыдамкай жана өжөр болушу шарт. Жашоодо ийгиликке жеткен атактуу тикмечилер, дүйнө брендин жаратуучулар тынымсыз эмгек жана чыдамкайлык өжөрлүктүн артынан ааламга атагы чыккан. Ал эми жеке бренд түптөйм дегендер сөзсүз кардардын көңүлүн таап, анын кыялындагы көйнөкту көзүнөн окуп турушу зарыл. Мындай адамдын психологиясын окуй билген тикмечилердин артында калдайган кардарлары болот.

Эгерде бренд ача албай күнүмдүк жашоомдо колдоно аламбы дегендерге бул эң сонун мүмкүнчүлүк. Кимдир бирөө жакшы көргөн кийими жыртылып калса ыргытууга ыраа көрбөй ага жамаачы салдырып алат, экинчиси бою кыска болгондуктан стандарттагы шым туура келбей багалегин кыскартат. Дагы бирөө элде жок көйнөк кийгиси келип сатып алган көйнөгүн өзгөртүп берүүгө алып келет. Демек күнүмдүк жашоодо ачка калтырбай турган кесиптин бири.