Тигүүчү

Тигүүчү кесиптин ээлери бычылган кийимдерди бириктирип аларга жан киргизген сыйкыр таягы бар периште сындуу. Учурда Кыргызстанда жеңил өнөр жайы Кытайдан кийинки орунга чыгып, Wildberries  сыяктуу интернет дүкөндөрүн ээлеп келет. Бул интернет дүкөнүнө баш баккан ар бир кардар кыргыз айымдарынын колунан чыккан түрдүү жана сапаттуу кийимдерди көрүп, каалаган размерде Кайсы мезгил болбосун тапшырык бар бирок тигүүчүлөр жетишпей деп келишүүдө. Айрым орто өндурүштук ишканаларда тигүү тармагын окуп барган сабаттуу тигүүулөрдү баалап келишет. Тигүүчү десе айрым адамдар тигүү машинкасында түз тиккенди маймыл деле билет деши мүмкүн бирок, алар бул ой менен аябай жаңылышат. Тигүү деген  сөзүн түпкүрүндө канчалаган эмгек, окуу жана практика керектелерин биле бербесе керек. Тигүү курсун аяктагандар кандай ишканага барбасын ал жердин ишин алдыга жылдыра билген бирден бир сапаттуу, баалуу жумушчу болуп калышат.

Тигүүчү