Тиричилик жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча устат

Тиричилик жабдууларын оңдоо жана тейлөө кызматынын устаттары учурдун талап кылган кесиптин ээлери болуп саналат. Техниканын өнүгүүсү менен заманбап техникалар чыгып, тиричилик техникасын оңдоо жана тейлөө боюнча устаттар аларды алгачкылардан болуп өздөштүрүп алгандар заман талабынын ээси болуп калышууда. Ар бир үйдө тиричилик техникалар бар, алардын жашообуз  токтоп калгандай сезилет. Муздаткычыбыз же башка техникабыз бузулса аны оңдоого уста издеп баштайбыз. Ал эми Кыргызстандын айрым аймактарында тиричилик техникасын оңдой билген уста табыла бербейт, болсо да аз санда. Андыктан бул кызматты аркалагандар жана үйрөнүүну каалагандар сапаттуу билим алууну кааласа атайын окуу жайлардан окуп дипломдуу жана сапаттуу билими бар кесипкөй адис болууга ашыгышы керек.

Тиричилик жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча устат