Чачтарач

Чачтарач бул сүрөтчү, жаратуучу, психолог жана сыйкырчы десек жаңылышпайбыз. Алар кайчы менен боектун жардамынын аркасында көз жоосун алган чач жасалгасын жасап коюга толук мүмкүнчүлүгү бар. Чач жасалга ар бир адамдын жүзү катары эсептелинет. Адамдарга сулуулук тартуулоо менен ааламды кооздукка бөлөшөт. Чачтарач кесибин аркалагандар аялдар чачтарачы, мырзалар чачтарачы, балдар чачтарачы, чач өрүү боюнча устат, боек чыгаруу боюнча устат деп көп тармакка бөлүнөт. Жан дүйнөсү чач жасалгасына тартып турган таланттуулар бул тармактан дагы ааламга аты чыккан  атактуулар чыгат. Айрымдары артынан шакирт таптап устат болууга өтөт. Ал эми жөн гана күнумдүк түрмушта колдоном дегендер  бүгүн кардар жок дегенде  эки үчтөн ашык кардарга сулуулук тартуулашат.

ЧачтарачЧачтарач