Корей Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) менен
көп жылдык достуктун жыйынтыктары
№94 кесиптик лицейи 2016-жылдан баштап KOICA менен кызматташа баштаган. Ушул жылдар аралыгында тиричилик электр жабдыктарын оңдоо боюнча слесарь-электрик кесиби багытында адистерди даярдоо маселелери боюнча эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө бир топ биргелешкен жемиштүү иштер жүргүзүлдү.
Лицейге келген биринчи волонтёр Хо Же Рю болду. Волонтёр Хо электроника, корей тили боюнча сабактарды өткөргөн. Жардам катары волонтёр Хо тиричилик электр жабдыктарын оңдоо боюнча слесарь-электрик кесиби тармагында окуу өнөрканаларын жакшыртуу максатында долбоор жазды. Бул долбоордун алкагында слесарь-электриктер үчүн жаңы окуу өнөрканасы ачылды. 20 000$ дан ашык акча каражаты жумшалып, окуу өнөрканасына толугу менен капиталдык ремонт жүргүзүлдү, жумушчу орундары уюштурулуп, толугу менен жаңы тиричилик техникалар жана шаймандар менен жабдылды. Волонтёр Хо лицейде эки жыл болду. Бул убакытта волонтёр слесарь-электриктердин эки тайпасына электроника, башка тайпалардын окуучулары үчүн корей тили боюнча сабактарды өткөрдү.
2017-жылы «Тынчтык, достор, Корея» проекти 20 000 $ дан ашык акча каражатына 20 000 $ дан ашык акча каражатына 20 000 $ дан ашык акча каражатына боюнча техникалык көндүмдөргө ээ беш волонтёр чакырылган. Алар лицейдин окуучулары үчүн электроника, косметология, чачтарач иши, макияж жана ошондой эле корей тили боюнча сабактарды өткөрүштү. Волонтёрлор фестиваль уюштурушуп, анда корей тилин үйрөнүп жаткан окуучулар корей тилинде ырдап жана спектакль коюшту.
Бул учурда электроника, тиричилик техникаларын монтаждоо жана оңдоо боюнча слесар-электриктердин эки тайпасына сабак өткөргөн башка волонтёр Муёң Ким келди. Лицейдин башка окуучулары үчүн корей тили боюнча сабактарды өттү.
Волонтёр Муёң слесарь-электриктер үчүн шаймандарды жана жабдууларды сатып алган. Муёң 2018-жылы лицейдин мыкты деген 20 бүтүрүүчүсүнө бир жолку стипендия жана корей сертификатын тапшырган. Ал эми 2019-жылы эң мыкты 5 бүтүрүүчү Муёңдон бир жолку стипендия жана сертификат алышкан.
Өз демилгеси менен волонтер Муёң Кореядан келген демөөрчү ишкерди тапты, ал бизге лицейдин теориялык кабинеттери жана өнөрканалары үчүн маркердик доскаларды белекке берди. Ошондой эле колдоо көрсөтүү максатында KOIKA мекемеси 100 000ден ашык сомго педагогикалык кабинет үчүн жаңы эмерек жана оргтехниканы белек кылды.
Волонтер Муёң Кимдин Түштүк Кореядан келген ишкер жана жакшы досу лицейдин кабинеттери үчүн маркердик доскаларды белекке берди.
Кыргыз Республикасындагы Озон борбору менен кызматташуу
2017-жылы жемиштүү иш алып баруунун жана кызматташуунун натыйжасында Озон борбору лицейдин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, ошондой эле слесарь-электрик кесиби боюнча жумушчу кадрларын даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында теориялык кабинетти проектор, интерактивдүү доска, ноутбук жаңы техникалары менен жабдыган. Лицейдин окуучуларынын көндүмдөрүн жакшыртуу үчүн Озон борборунун кызматкерлери көп жылдардан бери бизге жаңы шаймандар жана жабдууларды белек кылып келишет.
№94 КЛ директору Кубаталиев Турдубек Шералиевичке Озон борборунун кызматкери жабдыктарды жана шаймандарды өткөрүп берүүдө.
Турмуш-тиричилик электр жабдыктарын оңдоо боюнча слесарь-электрик тайпаларынын окуучулары үчүн Озон борборунун кызматкерлери тарабынан өтүлгөн лекция
Турмуш-тиричилик электр жабдыктарын оңдоо боюнча слесарь-электрик тайпаларынын окуучулары
Озон борборунун кызматкери тарабынан атайын окуу китептерин лицейдин китепканасына өткөрүп берүү
Лицейге Озон борборунун кызматкери шаймандарды жана жабдыктарды өткөрүп берүү учурунда.