Компьютердик сабаттуулук семинары
Мугалим мөмөлүү дарак демекчи, билим сапатын жогорулатуу максатында №94 кесиптик лицейде мугалимдери компьютердик сабаттуулук боюнча семинар уюштурду. Семинардын алкагында мугалимдер керектүү файлдарды Google Dиск тиркемесине коопсуз сактоону жана аны каалаган жерде пайданала билүүнү үйрөнүү менен бирге Classtime тиркемесин өздөштүрүштү. Ошондой эле Scaffold карточкасын колдонуу аркылуу сабактарынан планын түзүү тууралуу да кенен баяндалып, ар бир мугалим картанын колдонуу менен сабактык планын түзүштү. Келечекти кесипке даярдоодо ар бир мугалим заман талабынан артта калбай күн санап сабаттуулугун арттырып туруу керектигин, кесиптик лицей сапаттуу билим менен өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошо турганын директор Турдубек Кубаталиев өз сөзүндө баса белгилеп өттү.
Комментарии