Уядан учкан парикмахер-стилистер
Ар бир адамга жагымдуу маанай тартуулаган чачтарач адистигин окуган окуучулар дипломдук экзамен тапшырышты. Аз убакыт ичинде чачтарамдык баардык түрлөрүн гана үйрөнбөстөн арасынан колорист, визажист болуп учурда иштеп жаткандар да жок эмес. Экзамендин сүрүнөн тайсалдашса да окуучулардын басымдуу бөлүгү эң жакшы баага татып, айрымдарын экзаменге келген иш берүүчүлөр талашып, жакшы орундарды сунушташты. Ошондой эле көпчүлүгү практикага барган жерлеринде иштеп жатышканын да жашырышкан жок. Экзамен алган устаттар бүтүрүүчүлөргө ак жол каалоо менен бирге көп жылдык тажрыйбасы бар адистердей иштеген окуучулар бар экенине таң бергенин айтышып, келечекте мыкты кесипкөй адистер чыга турганын баса белгилеп кетишти.
Комментарии